17:28, 21 декабря 2023, 24.kg

Садыр Жапаров УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын имаратын ачты

Садыр Жапаров УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

 Президент 1988-жылы курулган УКМКнын Нарын башкармалыгынын имаратына 35 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн айтты.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен демөөрчүлөр тартылып, жалпысынан 2 миң чарчы метр аянты толугу менен оңдолуп, 500 чарчы метрден ашык кошумча курулуш курулду. Ошондой эле жайкы споттук аянтчалар салынды.

Ал буга чейин кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан «Торугарт-2» көзөмөл-өткөрүү пунктунда болгонун белгиледи. Көзөмөл-өткорүү пункту «Бажы инфратүзүмү» мамлекеттик ишканасынын балансына алынып, ремонттон кийин пайдаланууга берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18