11:50, 21 декабря 2023, 24.kg

Салык кызматынын райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы пара менен кармалды

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери салык чөйрөсүндөгү коррупциялык фактыларды аныкташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салык текшерүүсүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан 200 миң сом талап кылган.

Ал 20-декабрда акча каражатын алып жатканда кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18