17:27, 20 декабря 2023, 24.kg

Тимур Файзиев 4-январга чейин тергөө абагында калтырылды

Elite House курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев 4-январга чейин тергөө абагында калтырылды. Чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Белгиленгендей, тергөө камак мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылган. Сот өтүнүчтү канааттандырды.

Тимур Файзиевге кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча кылмыш иши козголгон. Ал октябрь айында кармалган.

Буга чейин 2021-жылдын май айында Тимур Файзиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети болгон. Бирок ал борбордо эмес болгондуктан ага издөө жарыяланган. Ишкер Бишкектин аймагындагы жер тилкелерин алууда коррупциялык иштерге аралашууга, ошондой эле мыйзамсыз курулушка шектелген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18