11:07, 20 декабря 2023, 24.kg

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча жылдын мыкты балбаны деп табылды

Айсулуу Тыныбекова Күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) версиясы боюнча кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп табылды.

Photo 316895

Бул жылы кыргызстандык спортчу 95 миң 575 балл менен дүйнөлүк рейтингде биринчиликке чыкты. Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатын, Азия чемпионатын, Венгрия менен Египетте өткөн рейтингдик турнирлерди жеңип, Кытайдагы Азия оюндарында коло медаль тагынган.

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандагы эң көп жеңишке жеткен спортчулардын бири. Ал Токио-2020 Олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон. Өткөн жылы Улан-Батордо күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль алган, 2023-жылы Астанада алтын тагынган. Айсулуу Тыныбекова Азияда кыз-келиндер күрөшү боюнча мыкты спортчу деп табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18