10:31, 20 декабря 2023, 24.kg

Министрлер кабинети «Кыргызкөмүргө» Торугарт көмүр кенин иштетүүнү тапшырды

Министрлер кабинети «Кыргызкөмүр» ишканасына Торугарт көмүр кенин иштетүүнү тапшырды. Буйрук өкмөттө кабыл алынды.

Документте Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Торугарт көмүр кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө айтылат.

Буга чейин «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын өкүлү Максатбек Молдокматов жыл башынан бери 1 миллион 150 миң тонна көмүр казылганын билдирген.

Ал эми министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында, 2024-жылы «Кыргызкөмүр» Кытайга көмүр экспорттой баштайт. Көмүр төрт кенден — Ак-Улак, Үрмезан, Кара-Кече жана Беш-Буркан кендеринен жеткирилет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18