17:12, 19 декабря 2023, 24.kg

Жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкерине кылмыш иши козголду

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын аткарылышын жана Жаза аткаруу кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты карады.

Маалыматты Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков берди.

Депутат Динара Ашимова ЖАКтын канча кызматкерине коррупция боюнча кылмыш иши козголгонун сурады.

«Дал коррупция боюнча кылмыш иши жок, бирок пара талап кылуу жана шалаакылык боюнча бар», — деп жооп берди төраганын орун басары.

Анын айтымында, пара алганы үчүн бир кызматкерге, шалаакылык үчүн үч кызматкерге кылмыш иши козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18