16:20, 19 декабря 2023, 24.kg

Женгонун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда Кадыр Досоновдун (Женго) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («алдамчылык») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

«Кармалган жаран Жалал-Абад шаарындагы жеке ишкерлерди физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алуу менен алектенген», — деп белгиледи мекеме.

УКМК ал 2017-жылы «Каракчылык», «Зордуктоо» жана «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылганын кошумчалады.

«Бирок 2022-жылы Ж.Т. сот органдары тарабынан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуулган. Бул чечимдин мыйзамдуулугу УКМК тарабынан иликтенип жатат, анын жыйынтыгында өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонгон судьялардын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет», — деп билдирди УКМК.

Учурда кармалган жаран тергөө абагына киргизилди.

Аталган адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккендер УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына 0372256049 телефону аркылуу кайрыла алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18