14:04, 19 декабря 2023, 24.kg

УКМК: «Рух Ордо» борбору мамлекеттин балансына өткөрүлдү

«Рух Ордо» борбору мамлекеттин балансына өтүп, республиканын бюджетине 537 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме 21-ноябрда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого катышкан Александр Сан кармалганын белгиледи. 18-декабрда ал Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Рух Ордо» туристтик-экскурсиялык борборун мамлекеттин балансына өткөрүп, республикалык бюджетке 537 миллион сом кайтарды.

Photo 316828

«УКМК тарабынан Камчыбек Асанбекке таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18