12:45, 19 декабря 2023, 24.kg

Ала-Бука районунда аткезчиликке көмөктөшкөн чек ара кызматкерлери кармалды

Ала-Бука районунда аткезчиликке көмөктөшкөн чек ара кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-декабрдан 18-декабрга карган түнү «Баймак-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда чек арачылар жумуштан тышкаркы убакта мыйзамсыз жүк алып өтүү учурунда кармалган.

Такталгандай, алар бул иш-аракеттерди системалуу мүнөздө жасап, туруктуу контрабанда каналы уюштурулган.

«Аталган чек ара кызматкерлери акчалай сыйлык үчүн түн ичинде контрабандалык жүктөрдү өткөрүүгө жигердүү көмөктөшкөн. Мындан улам, бул кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында, чек-ара кызматынын көзөмөл-өткөрүү пунктунда орнотулган видеокөзөмөл камераларын жаздырууга жол бербөө үчүн ошол объектинин бүткүл аймагында электр энергиясын өчүрүүгө барган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган кызматкерлер Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөктөшүү менен «Баймак» көзөмөл-өткөрүү пунктунда аткезчиликти уюштуруу фактылары аныкталган.

Азыркы учурда бул контрабандалык ишке катышкан «Баймак-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун сегиз кызматкери жана беш жөнөкөй жаран кармалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18