17:37, 18 декабря 2023, 24.kg

Кыргыз жарандарына Кытайдын визасын берүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү

Кыргызстандын жарандары үчүн Кытай визасын берүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

17-декабрдан баштап Кытайдын элчилиги виза алууга документтерди тапшыруу үчүн милдеттүү алдын ала электрондук каттоо талабын жокко чыгарды. Консулдук бөлүм белгиленген күндөрдө жана сааттарда кезек күтүү тартибинде кабыл алат.

Мындан тышкары, Кыргызстандын ишкерлерине, ошондой эле Кытайга иш сапары менен же маданий, илимий, билим берүү иш-чараларына катышуу максатында бара турган жарандарга виза алуу үчүн атайын штрих-код менен кытай тараптан чакыруу алып келүү талабы жоюлду.

Кыргызстандын жарандары чакыруусу, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өтүнүчү/кайрылуусу болгон учурда Кытайдын тийиштүү категориядагы визасын алуу үчүн кайрыла алышат.

Министрлик үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрынан баштап апостиль болгон учурда Кытайдын аймагында колдонула турган документтер үчүн консулдук легалдаштыруу талап кылынбай турганын эскертет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18