13:44, 18 декабря 2023, 24.kg

Чүй проспектисинин борбордук бөлүгүнөн кичи автобустар толугу менен алынат

Чүй проспектисинин борбордук бөлүгүнөн кичи автобустар толугу менен алынат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-декабрдан тартып Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө маршруттук каттамдардын кыймылы толугу менен альтернативалык көчөлөргө — Киев, Токтогул, Фрунзеге багытталат.

Мэриянын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, бул чаралар маршруттук схемаларды оптималдаштырууга байланыштуу кабыл алынууда.

Өзгөртүүлөр бир катар каттамдарга таасирин тийгизет, анын ичинде:

№ 172, 169, 225, 163, 220, 203, 215, 136, 137, 104. , 164, 222, 135, 192, 166, 258, 243, 138, 176, 199, 179, 260, 211, 185, 250, 254, 285, 111, 216, 134, 202, 208, 227, 143, 129, 240.


Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18