13:25, 18 декабря 2023, 24.kg

Кара-Суу базарын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору кармалды

Кара-Суу базарынын соодагерлеринен акча талап кылган салык кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, салык инспекторлору тарабынан дагы бир системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу жана Кара-Суу базарынын ишкерлеринин, соодагерлеринин патентин төлөөгө багытталган акчаларын ыйгарып алуудагы туруктуу коррупциялык схема токтотулду.

 Райондун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору кармалды.

«Кара-Суу районунун базарларында чекене жана дүң соода менен алектенген ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын өндүрүү кылмышы штаттык эмес кызматкерлерди колдонуу аркылуу жасалып турган. Салык кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп ишендирип, иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18