11:48, 18 декабря 2023, 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы төрт өлкөнүн командалары менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстан, БАЭ, Сирия жана Вьетнамдын командалары менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

Улуттук курама команда Азия Кубогуна даярдыктын алкагында төрт контролдук беттеш өткөрөт. Алардын бардыгы жабык форматта өтөт.

24-декабрда Өзбекстан, 30-декабрда БАЭ, 5-январда Сирия, 9-январда Вьетнам менен оюн болот.

Эскерте кетсек, Азия Кубогу 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда 24 улуттук курама команданын катышуусунда өтөт. Кыргызстан, Таиланд, Сауд Арабиясы жана Оман F тайпасында.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18