16:54, 15 декабря 2023, 24.kg

Акча талап кылуу фактысы менен Түп райондук милициясынын кызматкерлери кармалды

Түп райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары жана анын эки кызматкери акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын даярдалган кыздар аркылуу зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча жасалма арыздарды каттоого алып, андан кийин жоопкерчиликке тартабыз деп коркутуп, Түп районунун тургундарынан 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

«Көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сому Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында кыздарга берилип, калган 80 миң сомун эртеси күнү алуу пландалган. Калган сумманы ала албай калып, милиция кызматкерлери Түп районунун тургундарына кысым көрсөтүү максатында зордуктоо аракети боюнча атайылап жалган арыз катташкан», — деп белгиледи мекеме.

Жабырлануучулардын жазуу түрүндөгү арызынын негизинде УКМК райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерин кармады. Каракол шаардык сотунун чечими менен алар тергөө аяктаганга чейин № 23 тергөө абагына киргизилди.

УКМК жогоруда аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен Ысык-Көл облусунун тургундарын УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылууга чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18