12:24, 15 декабря 2023, 24.kg

Казакстанда жол тыгынында калгандарга кыргыз куткаруучулары жардам беришти

Казакстанда жааган кардын кесепетинен Алматы —Ташкент унаа жолунда кар күрткү пайда болуп, жол жабылган. Алга жана Кордай айылдарнын ортосунда 100-150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстан тарапка өтө албай калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жерине Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти тарабынан 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан 39 куткаруучу, 5 оор техника, 1 пикап, 2 кар унаасы жөнөтүлдү.

«Саат 03:05те куткаруучулар Ак-Жол чек ара постуна чыгып, саат 08:15те Казакстандын аймагына киришти», — деп белгиледи мекеме.

Эки өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, ыктыярчыларга 5 унаа менен тоосколдуксуз айланма каттам уюштурулуп, жарандарды коопсуз жайга эвакуациялоо жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18