11:26, 15 декабря 2023, 24.kg

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда баалар 8,9 пайызга өсөт

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда баалардын өсүшү 8,9 пайызды түзөт. Мындай маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык божомолунда айтылат.

2024-жылы инфляция 7,8 пайызды түзөт. Июнь айынын божомолуна салыштырмалуу бул көрсөткүчтөр начарлаган. Буга чейин ЕАӨБ республикада баалар 7,1 жана 6,3 пайызга өсөт деп божолмол берген.

«Келерки жылдын башында жогорку керектөө активдүүлүгү жана дан, күйүүчү-майлоочу материалдарга импорттук баалардын өсүшү сыяктуу инфляциялык факторлордун басымдуулук кылышы күтүлүүдө. Керектөө активдүүлүгүнүн түшүшү жана дан эгиндеринин жаңы түшүмүн алууга байланыштуу инфляциянын басаңдашын болжолдоп жатабыз. Орто мөөнөттүү перспективада экономиканын тең салмактуу өсүшү инфляцияны 2025-жылдын аягында 6 пайызга чейин басаңдатуу үчүн өбөлгөлөрдү түзөт», — деп түшүндүрдү ЕАӨБ өлкөлүк талдоо борборунун улук талдоочусу Айгүл Бердигулова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18