10:31, 15 декабря 2023, 24.kg

СССРде түстүү телекөрсөтүүнү жараткандардын бири Абрам Шендерович көз жумду

 СССР убагында түстүү телекөрсөтүүнү жараткандардын бири Абрам Шендерович дүйнөдөн кайтты. Ал 96 жашында көз жумду. Бул тууралуу «112» Telegram-каналы жазды.

Абрам Шендеровичтин өлүмү 14-декабрда эртең менен белгилүү болгон. Ал өзүн жаман сезип жатканына даттанган. Окумуштуунун Москвадагы үйүнө тез жардам чакырылган. Бирок көрсөтүлгөн жардамга карабастан, дарыгерлер көрүнүктүү инженердин көз жумганын билдиришкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өлүмгө жүрөк оорусу себеп болгон.

Абрам Шендерович СССРдин Жогорку Советинин төрагасы Леонид Брежневдин кабинетинде телекөрсөтүү технологиялары үчүн жооптуу болуп иштеп, телевидениенин өнүгүшүнө кошкон салымы менен белгилүү. Анын өлкөдөгү телекөрсөтүүнүн технологиялык өнүгүүсүнө тийгизген таасири Советтер Союзунда түстүү телекөрсөтүүнү түзүүгө жана жайылтууга көмөктөшүп, өчпөс из калтырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18