16:45, 14 декабря 2023, 24.kg

Эс алуучу жайда кызга кол көтөргөн жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Ыкчам кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылууга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ал Бишкектеги барлардын биринде чет өлкөлүк жаран менен эс алып жатканы үчүн кызга кол көтөргөн. 

Photo 316362

Маалыматка ылайык, 11-сентябрь күнү милицияга жабырлануучу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, түнкү саат 2:00 чамасында Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Munchen pub көңүл ачуучу жайында белгисиз адам денесине залал келтирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык (бейбаштык) кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Б.Т. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Тергөө улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18