15:30, 14 декабря 2023, 24.kg

Мэрия 125 миллион сомго кар тазалоочу техникаларды сатып алат

Бишкектин мэриясы 125 миллион сомго кар тазалоочу техникаларды сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада бүгүнкү күндө кыш мезгилинде колдонулуучу 39 техника бар.

«Учурдагы жана капиталдык оңдоо иштерин кыш мезгилине чейин бүтүрүү тапшырмасы коюлду. Кар жааганда 643 дворник чыкты», — деди мэр.

Ал карды тазалоодо кемчиликтер болгонун мойнуна алды.

«Кар жаары менен техника түнкүсүн да иштей баштады. Бирок кар тынымсыз жаап, биз жетише алган жокпуз. Биз кар тазалоочу техникаларды сатып алууга 125 миллион сом бөлдүк. Мэрдин резервдик фондунан техниканы жайында да, кышында да колдонуу үчүн бастырма жабдыктарын сатып алабыз», — деп кошумчалады Айбек Жунушалиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18