13:57, 14 декабря 2023, 24.kg

Жыл башынан бери 12,3 миңден ашуун кыргызстандыкта В жана С гепатити аныкталды

230 миңден ашуун адам В жана С гепатитине текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов билдирди.

Ал 2023-жылдан тартып экспресс-тестирлөө, эмдөө, В жана С гепатиттерин дарылоо боюнча акысыз медициналык кызмат көрсөтүү программасы ишке киргизилгенин билдирди. Бул үчүн бюджеттен 276 миллион сом бөлүнүп, 144 миллион 987 миң 478 сому колдонулду.

Текшерүүдөн өткөндөрдүн 8 миң 493үндө (3,63 пайызында) В гепатити, 3 миң 876сында (1,67 пайызында) С гепатити аныкталды.

«С гепатити менен ооруган 1 миң 142, В гепатити менен ооруган 2 миң 548 адамга акысыз дарылоо көрсөтүлдү», — деди Медер Исмаилов.

Ал өлкөдө В, С, D гепатити менен ооруну жана өлүмдү азайтууга жардам берген В гепатитине каршы чоңдордун арасында эмдөө кампаниясы жүрүп жатканын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18