11:49, 14 декабря 2023, 24.kg

Бишкекте милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн жаран кармалды

Бишкекте милицияга каршылык көрсөткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү болжол менен саат 1.30 да 102 кызматына Токтогул көчөсүндөгү кафелердин биринде эркек киши мушташ чыгарып, баасы 80 миң сомдук LED-экранды талкалап салганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, бирок алардын бир нече жолку өтүнүчтөрү жана мыйзамдуу талаптары эске алынбай, активдүү каршылык көрсөтүлгөн.

«Мындан тышкары, жаран кызматтык унааны тээп, материалдык зыян келтирген, анын суммасы такталууда», — деп билдирди мекеме.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 4-бөлүгү ( бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен) боюнча кылмыш ишин козгоду.

1999-жылы туулган Б.И. аттуу шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18