17:21, 12 декабря 2023, 24.kg

Кара-Кече кенинде жыл башынан бери 1 миллиондон ашык көмүр казылды

Кара-Кече кенинде жыл башынан бери 1 миллион 150 миң тонна көмүр казылды. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын өкүлү Максатбек Молдокматов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Көмүр бюджеттик уюмдарга жана Бишкек ЖЭБине жеткирилди.

Максатбек Молдокматовдун айтымында, азыр калктын 80 пайызы отун менен камсыз болду.

«Сезон башталгандан бери биз 35 миң тоннадан ашык көмүр саттык. Учурда Кант, Бишкек жана Токмок көмүр базаларында 2 миң тоннадан ашык көмүр бар. Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 4 миң 700 сомду түзөт», — деди Максатбек Молдокматов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18