13:40, 12 декабря 2023, 24.kg

Быйыл дагы Садыр Жапаров жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрбөйт

Быйыл дагы президент Садыр Жапаров жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрбөйт. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим мамлекет башчысынын иш графиги тыгыз болгондуктан кабыл алынган. Ал катышкан иш-чаралардын алкагында коомчулукту кызыктырган суроолорго жооп берилүүдө. Ошондой эле Садыр Жапаров ЖМКлардын суроолоруна да жооп берет.

«Алдыда Элдик курултай, аймактык жана чет элдик сапарлар бар. Жылдын аягында министрлер кабинетинин жыйыны пландаштырылууда», — деп белгиледи Аскат Алагөзов.

Эскерте кетсек, президент экинчи жыл катары менен өлкөнүн журналисттери жана Кыргызстанда аккредиттацияланган ЖМКлар үчүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүүдөн баш тартууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18