12:51, 12 декабря 2023, 24.kg

Салык кызматы УКМК тарабынан кармалган кызматкерлерди иштен алды

Буга чейин «Дордой» базарында салык жыйноого жооптуу болгон салык органдарынын беш кызматкери иштен алынды. Бул туурлауу Салык кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду. Алардын кызматтан алынышына УКМК тарабынан «Дордой» базарындагы коррупциялык схема боюнча айыпталып кармалышы негиз болду.

«Учурда укук коргоо органдары базарларда салык чогултууга жооптуу болгон салык органдарынын кызматкерлеринин мурдагы жылдардагы ишине талдоо жүргүзүүдө. Салык кызматы бүгүнкү күндө салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер менен байланышты азайтуунун алкагында «Дордой» базарындагы бардык кызматкерлерин чыгарды», — деп билдирди мекеме.

Мамлекеттик салык кызматы коррупцияны жоюу, коррупциянын булактарын аныктоо жана анын жайылышына өбөлгө болгон факторлорду нейтралдаштыруу боюнча кеңири масштабдуу чараларды көрүп жатканын белгиленди. Коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү үчүн системалуу түрдө мониторинг жүргүзүлүп турат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18