11:18, 12 декабря 2023, 24.kg

Садыр Жапаров УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Photo 316170

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жаңы имарат жана коопсуздук кызматкерлери үчүн жакшыртылган шарттар алардын ишинде чоң ийгиликтерге, жаңы жетишкендиктерге жетишүүдө негизги ролду ойной турганын белгиледи. Баткен башкармалыгынын түзүлүшү жана өнүгүшү — улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ак ниет кызматынын үзүрү жана үлгүсү экенин билдирди.

Ага далил катары катары президент улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин эрдиктерин кыскача айтып өттү. Чек ара боюнча чечилбеген маселелер коңшу өлкөлөр менен жолго коюлуп келаткан дипломатиялык мамилелердин андан ары өнүгүшүнө кесепетин тийгизгенин белгиледи. Натыйжада 2021-2022-жылдары 3 жолу куралдуу кагылыш болуп, ондогон жай тургундар жана жоокерлер курман болушту.

«Улуттук коопсуздук кызматынын Баткен башкармалыгы облус аймагына эл аралык деп эсептелген бандиттик уюмдар басып кирип, коомдук-саясий кырдаал татаалдашып турган аябай оор шарттарда иш алпарып келе жатышат. Ошого карабастан республиканын түштүгүндө жаңы түптөлгөн түзүм мындай кысталыш кырдаалдан кыраакылык менен чыгып келатышат. Тилекке каршы, башкармалык бүгүнкү күнгө чейин өз кызматын эски бала бакчада аткарып келди. Эми бүгүнкү берилип жаткан заманбап имарат сиздерге белек болсун. Ошону менен бирге, сиздердин Ата мекенге берилүү менен кызмат кылууңуздарга өбөлгө болсун!» — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18