10:28, 12 декабря 2023, 24.kg

Ишке орноштурам деп жарандарды алдап жүргөн шектүү кармалды

Ишке орноштурам деп жарандарды алдап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын сентябрында ар кандай шылтоолор менен ишенимге кирип, жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык акча каражатын, ошондой эле «Мерседес-Бенц 210» жана «Ауди С-4» үлгүсүндөгү унааларын ээлеп, качып кеткен жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен жабырлануучу кайрылган.

Photo 316169

Мындан тышкары, шектүү дагы бир жабырлануучуга жогорку кызмат орундарын ээлеген адамдар менен тыгыз байланышта экендигин айтып, алтын кенин иштетүүчү компаниялардын бирине жумушка орноштурам деген шылтоо менен 140 миң сом акчасын ээлеп, качып кеткен.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун тургуну К.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүү тарабынан жасалган 20дан ашык алдамчылык фактысы аныкталды. Учурда ал келтирген зыяндын жалпы суммасы такталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18