10:05, 12 декабря 2023, 24.kg

Бишкектин мэриясы пансионаттын курулушуна 715 миллион сомдой сарптайт

Бишкектин мэриясы Ысык-Көлдөгү «Алтын-Булак» пансионатын курууга 715 миллион сомдон ашык каражат коротот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Сынакты шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Бул максат үчүн 714 миллион 722 миң 715 сом каралган.

Буга чейин жертөлөсү менен жаңы төрт кабаттуу имарат куруу пландалып жатканы маалымдалган. Ошондой эле спорт комплекси жана бир нече коттедждер салынат.

Ошондой эле муниципалитет Сары-Ой айылында жайгашкан «Алтын-Булак» пансионатын оңдоо жана куруу үчүн өнөктөштөрдү табууну пландап жаткан.

«Алтын-Булак» пансионаты 1975-жылдан бери иштеп келет. Бул убакыттын ичинде ал жерде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Участоктун аянты 3,19 гектарды түзөт, анын ичинен 0,59у пляж зонасы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18