14:18, 11 декабря 2023, 24.kg

2023-жылы Маданият министрлигине ЖМКлардын ишмердүүлүгү боюнча 77 арыз түшкөн

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү боюнча 77 арыз түшкөн. Бул тууралуу маалымат жыйында мекеменин башчысынын орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, бул түрдүү маанидеги арыздар.

«Кайсы бир сайттарды же жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу боюнча чара көрбөйбүз. Эгерде Кыргызстандын жараны же юридикалык жак арыз менен кайрылып, анын беделине шек келтирген же туура эмес маалымат жарыяланганын билдирсе, ошонун негизинде 24 сааттын ичинде мониторинг кылып, баардык документтери туура келе турган болсо, Санариптик өнүктүрүү министрлигине эскертүү чечимин жөнөтөбүз. Бүгүн же эртең жаап салуу биздин оюбузда жок. Анткени Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча алдынкы орунда турат», — деди ал.

Чыңгыз Эсенгул уулу медиа өкүлдөрү жана блогерлер ишенимдүү маалымат бериши керектигин кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18