12:47, 11 декабря 2023, 24.kg

Массалык баш аламандыкка үндөгөн Facebook тармагынын колдонуучусу кармалды

Кечээ, 10-декабрда массалык баш аламандык уюштурууга элди үндөгөн Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ayman Manap аккаунтунун колдонуучусу массалык баш аламандыкка жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө чакырыктарды дайыма жарыялап турган. Ал Facebook социалдык тармагында фейк аккаунт колдонгон.

Анын жашаган жеринде тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө уюлдук телефону, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынды.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18