10:15, 11 декабря 2023, 24.kg

Матраимов жана Көлбаев менен байланышы бар 180ден ашуун кызматкер иштен алынды

«Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана мамлекеттик кызматкерлердин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, Райымбек Матраимовдун мафиясы менен болгон байланыштарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жеке адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлдү», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 226дан ашык ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкерлердин бети ачылып, алардын ичинен 180ден ашууну ээлеген кызматынан четтетилди жана бошотулду:

  • Бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76 кызматкер иштен бошотуду;
  • Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, алардын 14ү кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди;
  • жергиликтүү кеңештин 6 депутаты мандатын тапшырды;
  • райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 65 кызматкер,
  • башка министрликтер менен мекемелерде иштеген бир катар адамдар кызматынан бошотулду.

«Учурда аныкталган башка мамлекеттик кызматкерлер боюнча тиешелүү кошумча иштер улантылууда. Биздин мамлекеттик органдарды абийирсиз, жеке кызыкчылыгын көздөгөн, ниети бузук кызматкерлерден тазалоо боюнча ушундай иштер мамлекеттин турмушунун бардык тармактарында мындан ары да жүргүзүлө берет» — деп кошумчалады мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18