11:58, 08 декабря 2023, 24.kg

Садыр Жапаров «Мурас» турниринде журналисттердин командасына үч гол киргизди

Бүгүн «Мурас» салттуу достук турнири башталды. Эфирди шилтеме аркылуу өтүп көрсө болот.

«Жолугушууга абдан кубанычтамын. Эки жылдан бери биз спортту пропаганда кылып келебиз. Жыйынтыгын көрүп жатабыз. Турнирде көптөн бери көрүшө элек министрлер, чиновниктер менен жолугушуп, өйгөйлөрдү талкуулайбыз, маселелерди чечебиз», — деп белгиледи 11 номери менен талаага чыккан президент Садыр Жапаров.

«Эң күчтүүсү жеңсин», — деп сөзүн аяктады мамлекет башчысы.

Президенттин командасы жалпыга маалымдоо каражаттарынын командасы менен ойноп, 4:1 эсебинде жеңди. Садыр Жапаров хет-трик жасады.

Турнирге мамлекет башчысынын командасынан тышкары маданият, ЖМК, федерациялар, дин, ишкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мэрлер, акимдер, Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери, ооруканалардын башкы дарыгерлери, мектеп директорлору, ЖОЖдордун ректорлору жана башкалар катышып жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18