11:24, 08 декабря 2023, 24.kg

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары пара берип жаткан жеринен кармалды

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары Б.Ш. УКМКнын кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.

Такталгандай, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан 2,5 миллион сомго автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердеги мыйзам бузууларды текшерүүнү токтотуу маселесинде оң чечим чыгаруу үчүн УКМК кызматкерине пара берилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18