18:00, 07 декабря 2023, 24.kg

Чүй облусунда социалдык шаарча курулуп, 28 үй-бүлөгө акысыз үй берилди

Москва районунун Крупская айылында социалдык шаарча курулуп, ал жерден 28 үй-бүлөгө акысыз үй берилди. Бул туурлауу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык шаарчанын курулушу «ИТАР» (ETHAR) кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылды. Жергиликтүү бийлик тарабынан 1 гектардан ашуун жер бөлүнүп берилген. Жакын арада тигүү цехи жана ФАП салынат.

Министрлер кабинетинин төрагасы ачылыш аземине катышып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында мамлекеттен аларга 100 миң сомдон («социалдык келишим») берилип жатканын билдирди. Ийгиликтүү иштеп жаткандарга дагы 200 миң сомдон берүү пландалып жатканын айтты.

«Пенсия, жөлөк пул, айлыктарды колубуздан келсе, жыл сайын көтөрөбүз. Элде болсо, анан бизде болот. Биз эч кимди артка калтырбайбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18