10:45, 07 декабря 2023, 24.kg

Жыл башынан бери 8,3 миң адам айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

8,3 миңден ашуун айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, март айынан баштап жол эрежелерин одоно бузгандарга жоопкерчилик күчөтүлдү. Анда мас абалында унаа башкаруу үчүн айып пул эмес, бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу каралган.

Өлкөдө мас абалындагы айдоочулардын саны 15 пайызга, ал эми жол кырсыктарынын саны 26 пайызга азайганы белгиленет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18