09:21, 07 декабря 2023, 24.kg

Ошто кокустан өзүн атып алган Чек ара кызматынын жоокери каза болду

Ош облусунда курал-жаракты этиятсыздык менен колдонуудан улам аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кечээ армияда кызмат өтөп жүргөн 18 жаштагы аскер АК-74 автоматынан кокустан өзүн атып алган.

«Медициналык жардам көрсөтүү боюнча бардык аракеттерге карабастан, аскер алган жаракатынан улам көз жумду. Окуя жерине келген медицина кызматкерлери анын каза болгонун тактыкташты», — деп билдиришти мекемеден.

Окуя болгон жерде тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18