17:38, 06 декабря 2023, 24.kg

Кыргызстанда жыл башынан бери 5 миңден ашык аткезчилик фактысы катталды

2023-жылдын 11 айында 5 миң 547 аткезчилик фактысы катталды. Келтирилген зыян 941,8 миллион сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын ыкчам-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Өзгөн Токтогулов билдирди.

Алардын ичинен кымбат баалуу медициналык жабдууларды мыйзамсыз алып кирүү боюнча үч факты, жалпы салмагы 4 тонна 167 килограмм, суммасы 25,5 миллион сомду түзгөн дары-дармектерди киргизүү боюнча алты факты аныкталган.

21 тоннадан ашык махорка жана чайноочу тамеки, жалпы суммасы 108 миллион сомдон ашык 50 миллиондой тамеки алынган.

Өзгөн Токтогуловдун айтымында, 5 миң 296 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 39 миллион сом айып пул өндүрүлүп, 307 миллиондон ашык бажы төлөмдөрү чогултулган. 

«Бажы кылмыштарынын алкагында 251 материал боюнча 310,9 миллион сом зыяндын орду толтурулду», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18