10:39, 06 декабря 2023, 24.kg

Садыр Жапаровдун туулган күнү. Биринчи болуп аны Владимир Путин куттуктады

Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

«55 жашыңыз менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Сиз мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз менен мекендештериңиздин жогорку урматына жана олуттуу эл аралык авторитетке ээ болдуңуз. Биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө сиздин жеке салымыңыз жогору бааланат. Россиянын жетекчилиги эки тараптуу байланыштардын бардык багыттары боюнча биргелешкен активдүү ишти улантууга даяр экендигине таянсаңыз болот. Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18