09:20, 06 декабря 2023, 24.kg

Орусия Кыргызстандын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам берди

Орусия Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 742 тонна ун жана 60 тонна өсүмдүк майын берди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аз камсыз болгон жергиликтүү тургундар үчүн жардамды Ошто өткөрүп беришти.

Орусиянын элчилиги гуманитардык жардамды жеткирүү Россия тарабынан каржыланган БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылганын билдирди. Алынган ун жана май «социалдык долбоорлорго катышкандыгы үчүн» сыйлык катары түштүк региондордогу 18 миң адамга бөлүштүрүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18