16:54, 05 декабря 2023, 24.kg

Окуу жайларга кышкы кабыл алуу. 902 абитуриент ЖРТ тапшырды

Жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 902 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 637, Ошто 229 абитуриент тест тапшырган. ЖРТнын жыйынтыгы 8-декабрдан кийин белгилүү болот.

Эскерте кетсек, окуу жайларга кышкы кабыл алуу Кыргызстанда экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Окууга тапшыруу үчүн абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшү керек. Былтыр кышкы ЖРТга 1 миң 260 абитуриент катышса, 800дөн ашык адам жогорку окуу жайына өткөн.

 Кышкы ЖРТ жайкы кабыл алуудан кийин бош калган контракттык орундар үчүн гана жүргүзүлөт.

Тогуз мамлекеттик жана 26 жеке менчик жогорку окуу жайлары кыш мезгилинде абитуриенттерди кабыл алууга даярдыгын билдиришкен. Алардын тизмеси менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18