11:40, 05 декабря 2023, 24.kg

Ысык-Көлдө Камчы Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда Камчы Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул туурлуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.с

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Н.Р.Р. аттуу жаран 2022-жылдын март айында «Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик ишканасы менен 115 гектар айдоо жерди ижарага алуу боюнча келишим түзгөнү аныкталды.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Н.Р.Р. тоют өстүрүү жана мал чарбачылыгы үчүн Григорьевский айыл аймагындагы 80 гектар жана Семеновский айыл аймагындагы 35 гектар жер тилкесин пайдаланганы аныкталган. Ошол эле учурда ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын багып, алар үчүн тоют өстүрүп, ошону менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүп келген», — деп белгиледи мекеме.

Photo 315474

УКМК тарабынан Ысык-Көл районундагы көрсөтүлгөн 115 гектар жер мамлекетке кайтарылып берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18