10:09, 05 декабря 2023, 24.kg

Климаттын өзгөрүшүнөн улам Бишкекте кыш 24 күнгө кыскарды

Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун маалыматы боюнча, климаттын жылышынан улам Чүй өрөөнүндө жыл мезгилдеринин узактыгы жана алардын келиши өзгөрдү. Бул тууралуу академиянын президенти Канат Абдрахманов Facebook баракчасына жазды.

«Бишкек» метеостанциясынын маалыматы боюнча, кыш мезгили 95 күндөн 71 күнгө чейин кыскарды. Жаз үч күнгө, ал эми жай мезгили 145 күндөн 154 күнгө чейин узарды.

«1931-жылдан 1960-жылга чейин күздүн узактыгы 59 күндү түзгөн. Ал эми 1961-жылдан 1990-жылга чейин 75 күнгө барабар болгон. Андан кийин 1991-жылдан 2021-жылга карата 71 күнгө чейин кыскарган. Күз менен кыш эми кеч, жаз менен жай эрте келет», — деди Канат Абдрахманов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18