09:34, 05 декабря 2023, 24.kg

Кыргызстанда жыл башынан бери АИ-95 бензини 6,3 сомго кымбаттады

Кыргызстанда жыл башынан бери АИ-95 бензини 6,34 сомго кымбаттады. Муну Улуттук статистика комитетинин маалыматтары тастыктап турат.

2-январга карата күйүүчү майдын бул түрү 65,06 сом болсо, 1-декабрга карата баасы 71,4 сомго чейин көтөрүлдү. Бир ай ичинде баасы 0,02 сомго, ал эми 2022-жылдын декабрынын башына салыштырмалуу 5,52 сомго өстү.

Аи-92 дагы кымбаттады. Жыл башында 59,8 сомдон сатылса, азыр 63,81 сомдон сатылууда. Өткөн жылдын декабрынан айырмаланып, анын наркы 3,33 сомго жогорулаган. Ошол эле учурда акыркы айда 36 тыйынга арзандады.

Азыр январь айынын деңгээлинен арзан болгон жалгыз күйүүчү май — бул дизель. 2023-жылдын 2-январына карата солярка 75,2 сом болсо, азыр 71,41 сомдон сатылууда, демек 3,79 сомго арзандады. 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу дизелдин баасы 4,21 сомго төмөндөдү. Бирок акыркы айда күйүүчү майдын бул түрү 1,3 сомго кымбаттады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18