18:03, 04 декабря 2023, 24.kg

Сот блогер Ырыс Жекшеналиевди актады

Биринчи май райондук соту Ырыс Жекшеналиевди актады. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Гүлшайыр Абдирасулова Facebook баракчасына жазды.

Мамлекеттик айыптоо Ырыс Жекшеналиевди жети жылга эркинен ажыратууну суранган болчу.

Эске салсак, Facebook социалдык тармагындагы «ПолитУзник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөө жана массалык баш аламандыкка чакыруу боюнча айып тагылган. 2022-жылдын 14-августунда аны ИИМдин тергөө кызматына алып келишип, андан кийин ал Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизилген. Эки айдан кийин блогер үй камагына чыгарылган.

Ырыс Жекшеналиев күнөөсүн мойнуна алуудан баш тарткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18