17:34, 04 декабря 2023, 24.kg

Ош жана Жалал-Абадда эл аралык жаңы аэропорттор салынат

Ош жана Жалал-Абадда эл аралык жаңы аэропорттор салынат. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын «Ош шаарына пландалган аэропорт Жалал-Абад шаарына салынмай болуптур» деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт жана провакациялык мүнөзду ташыйт.

«Ошондой эле жалган жана чагымчыл маалымат таркатуу тийиштүү мыйзамдардын чегинде тескелерин, ал үчүн жоопкерчилик каралганын эске салабыз. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын майында мамлекет башчысы Садыр Жапаров жаңы салына турган аэропорттордун долбоорлору менен жеринде таанышкан. Анда Ош жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттордун ордуна ипотекалык негизде берүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу каралганы маалымдалган», — деди Аскат Алагөзов.

Photo 315426

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18