17:26, 04 декабря 2023, 24.kg

Кыргызстанда бир жумада сасык тумоо менен ооругандардын саны 5,7 миңге жетти

Кыргызстанда бир жумада, 27-ноябрдан 3-декабрга чейин курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 5 миң 737ге жетти. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын 67,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Өткөн жумага салыштырмалуу ооругандардын саны көбөйгөн.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Ош шаарында сасык тумоонун маал-маалы менен пайда болуучу учурлары катталып жатат.

Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Лабораториялык жыйынтыктар боюнча парагрипп, сезондук коронавирус, аденовирус жана метапневмовирус сыяктуу курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын катталышы байкалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18