16:13, 04 декабря 2023, 24.kg

Бишкектин мэри «Дордой Моторс» базарынын соодагерлери менен жолукту

Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев «Дордой Моторс» базарынын соодагерлери менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга базардын ээси Аскар Салымбеков дагы катышты.

«Ишкерлердин талаптарын уккан муниципалитеттин башчысы андан ары талкуу үчүн Ленин администрациясына чакырды. Айбек Жунушалиев бир катар митингчилердин бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү пикирине 100 пайыз макул болду», — деп айтылат маалыматта.

Кеңешмеге Ленин районундагы дээрлик бардык базарлардын профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Эскерте кетсек, өткөн жумада Бишкектин жана региондордун дээрлик бардык ири базарларында митингдер өттү. Бардык соодагерлер бир эле нерсени талап кылышууда — патенттерди калтыруу жана ККМди киргизбөө. Бирок өлкө бийлиги өз демилгелеринен баш тартпай турганын билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров атайын комиссия түзүп, нааразылык акцияларын иликтөөнү тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18