15:51, 04 декабря 2023, 24.kg

Эки кыргыз киносу Alternativa Film Awards конкурсунда сыйлык алды

Кыргыз тасмалары Alternativa Film Awards киносыйлыгынын эки номинациясында жеңишке жетти. Сыйлык тапшыруу аземи Алматыда өттү. Бул тууралуу конкурстун сайтында маалымдалды.

Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Кыз ала качуу» тасмасы буга чейин жалпы коомчулуктун көз жаздымында калган маанилүү теманы же окуяны чагылдырган фильм катары Spotlight номинациясына ээ болду.

Режиссер Дастан Мадалбековдун «Атасынын баласы» кыска метраждуу тасмасы Shorts Award номинациясында жеңүүчү болду. Сыйлык жаңы жолдорду издеп жаткан режиссерлорду колдоого багытталган.

Жалпысынан конкурска 25 мамлекеттен 350дөн ашык тасма катталган. Жалпы байге фонду — 100 миң долларды түздү. Мыктылары алты номинацияда тандалып алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18