13:34, 04 декабря 2023, 24.kg

Кара-Балта жана Токмокто дагы соодагерлер ККМге каршы митингге чыгышты

Кара-Балтадагы базарлардын жана дүкөндөрдүн сатуучулары митингге чыгышты. Бул тууралуу маалымат каражаттары билдиришти.

Эл Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын алдына чогулду. Алар көзөмөл-кассалык машиналардын киргизилишине каршы болуп жатышат.

Ошондой эле Токмок шаарында дагы соодагерлердин ККМге каршы митинги өтүп жатканын социалдык тармактын колдонуучулары билдиришти.

Нааразылык акциясына «Булак» базарынын ишкерлери чыгышты. Кадрлардан соодагерлердин алдына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чыкканын, бирок эл аларды укпай: «Патент! Патент! Патент!» деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, бүгүн «Дордой-Моторс» базарынын сатуучулары да нааразылык акциясына чыгышты. Бардык ишкерлер бир эле нерсени талап кылып жатышат — патентти калтыруу жана ККМди киргизбөө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18