13:13, 04 декабря 2023, 24.kg

Бишкекте дагы эки автобус каттамы ачылды

Бишкекте № 102 жана 162 автобустар жүрө баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген. Эми алардын ордуна ушундай номер менен автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» тейлейт.

№ 102 автобус Рухий- Мурас жаңы конушунан Ош базарына чейин каттайт. Маршруттун узундугу 25,5 километр, аралыгы 10 мүнөттөн болуп, каттамга 12 автобус чыгат.

Photo 315396


№ 162 автобус 12-кичи районунан Новопокровка айылына чейин жүрөт. Узундугу 46 километр, аралыгы 10 мүнөт. Бул линияга 18 автобус чыгат.

Photo 315395

Мэрия бара-бара бардык маршруткалар автобустарга алмаштырыларын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18