10:42, 04 декабря 2023, 24.kg

Амантур Жумаев жаштар арасында бокс боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Амантур Жумаев тарыхта биринчи жолу жаштар арасында бокс боюнча дүйнө чемпиону болду. Мелдеш Ереванда өттү. Бул тууралуу Бокс федерациясынан билдиришти.

Photo 315355

Ал 52 килограммга чейинки салмак ченинде рингге чыккан. Амантур Жумаев Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучу Бейшен Сабатаровдун тарбиялануучусу.

Биринчи беттеште спортчу өзбекстандык Иброхима Гиесов менен беттешип (4:1), жеңишке жетти.

1\8 финалда Германиянын өкүлү Даниэль Дизендорфту утту (ал IBA желеги астында чыккан).

Чейрек финалда мекендешибиз калыстардын чечими менен (4:1) Россия курама командасынын мүчөсү Максим Чаплыгинди жеңди.

Жарым финалда польшалык Оскар Гродзицкий жеңилүү ызаасын тартты.

Ал эми алтын медаль жана дүйнө чемпиону наамы үчүн күрөштө Амантур Жумаев армениялык спортчу Арсен Харатянды утту.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18